Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Атамбаевдин уулунун ишканасында тинтүү жүрүп жатат


Сейит Атамбаев. Сүрөт "Апрель" телеканалынын түз видеоэфиринен алынды. 31.10.2019
Сейит Атамбаев. Сүрөт "Апрель" телеканалынын түз видеоэфиринен алынды. 31.10.2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаевге таандык "Автомашэнерго" ишканасында ушу тапта тинтүү жүрүп жатат.

Сейит Атамбаев окуя болгон жерде иштеп жаткан "Апрель" телеканалына билдиргендей, ишкананын кеңсесине келген эки адам өзүн Аскер прокуратурасынын кызматкери деп тааныштырган. Алар бухгалтериядагы айрым кагаздарды текшерип, алып кетерин билдиришкен.

"Азаттык" радиосу расмий комментарий алуу үчүн Башкы прокуратурага кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы бул маалыматты тактап, жооп берерин билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Быйыл парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан. Азыр Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошонушу үчүн соттолууда. (RK)

XS
SM
MD
LG