Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:42

Жогорку Кеңеш уран казууга каршы мыйзам долбоорун кабыл алды


Кыргызстандагы уран калдыктары жаткан жерлер.

Кыргызстандын парламенти уранга каршы мыйзамдын долбоорун колдоду.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна үчүнчү окууда "макул" деп добуш беришти.

111 депутаттан бирөө гана каршы болду. Ал ким экени добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы жарыяланганда белгилүү болот.

Мыйзам долбоорунун авторлору - «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жана «Бир Болдун» депутаты Бактыбек Турусбеков.

Апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG