Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Исламабадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Өкмөттүн кетишин талап кылган «Эркиндик маршынын» катышуучулары.
Өкмөттүн кетишин талап кылган «Эркиндик маршынын» катышуучулары.

Пакистандын бийлиги борбор шаары Исламабадда коопсуздук чараларын күчөттү. 31-октябрда айрым мектептер жана мекемелер иштеген жок. Буга премьер-министр Имран Хандын бийлигине нааразылыгын билдирип, өкмөттүн таркашын талап кылган миңдеген адам Исламабадды көздөй келе жатканы себеп болду.

Алар жүрүшкө Хайбер-Пахтунхва провинциясынан 27-октябрда жөнөшкөн. Нааразылык акциясынын демилгечиси, «Жамият Улема-и-Ислам» диний-саясий партиясынын лидери Маулана Фазлур Рехман колдоочуларын 31-октябрда баш калаада жолугууга чакырган. Ал премьер-министр Имран Хан шайлоодо добуштарды бурмалап отуруп, өлкөнү башкарып калганын жана 2018-жылдагы парламенттик шайлоону тааныбай турушканын айтып жатат.

Маулана Фазлур Рехман «Талибанды» жактаган жана АКШга каршы көз карашы менен белгилүү. Ал акцияны «Эркиндик маршы» деп атап жатат.

Өкмөт уруксат берилбеген митингде коопсуздукту сакташ үчүн күч кызматкерлерин, армияны баш калаага тарткан.

XS
SM
MD
LG