Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Сейит Атамбаев: Ишканамды тартып алууга аракет кылып жатышат


Сейит Атамбаев.
Сейит Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев бизнес-акыйкатчы Робин Орд Смитке кайрылып, анын ишканасын рейдерлик жол менен басып алуу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Мындай аракетти ал Атамбаевдин уулу болгону үчүн саясий куугунтук деп баалап жатат.

Өз кайрылуусунда ишкер: «Биздин компания ири ишканаларга электр энергиясын ташып келүү менен гана алектенет. Эч убакта тендерлерге катышкан эмес, мамлекеттик иштерге аралашпай, саясий партияларды, кыймылдарды же талапкерлерди каржылаган эмес» деп билдирди.

Сейит Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков күч органдарына «ишкерлерге бут тосууну токтотуш керек» деген талап койгону менен иш жүзүндө тескери саясат жүрүп жатканын кошумчалады.

Бүгүн Сейит Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» ишканасында тинтүү жүрдү. Кеңсеге барган эки адам өзүн Аскер прокуратурасынын кызматкери деп тааныштырды.

«Азаттык» расмий комментарий алыш үчүн Башкы прокуратурага кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы бул маалыматты тактап, жооп берерин билдирди.

Сейит Атамбаевдин айтымында, ал «Автомаш-Энерго» ишканасын атасы президент болгонго чейинки 2003-жылдан бери өз алдынча башкарат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Быйыл парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан. Азыр Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошонушу үчүн соттолууда. (RK)

XS
SM
MD
LG