Өкмөт жарандар электрондук түрдө кайрыла турган «Kattar.kg» порталына хакердик чабуул коюлганын билдирди.
Маалыматка караганда, DDoS чабуулдан улам сайттагы «жетекчилердин тизмеси» деген бөлүмдө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова премьер-министр деп көрсөтүлүп калган. Учурда бардык каталар оңдолду. «Kattar.kg» порталы тесттик режимде иштейт.
Өкмөттүн «Gov.kg» жана «Kattar.kg» сайттары 2014-жылдан тартып иштей баштаган. Биринчи сайтта өкмөттүн күнүмдүк иштерине байланыштуу маалыматтар жайгаштырылса, экинчи сайт аркылуу жарандар электрондук каттар менен өкмөткө кайрыла алат.
«Kattar.kg» порталына 2017-жылы да хакердик чабуул коюлуп, сайттын иши үзгүлтүккө учураган. (BTo)