Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

HRW АКШнын Борбордук чалгын кызматынын Ооганстандагы ишин сындады


Ооганстан.
Ооганстан.

АКШнын Борбордук чалгын кызматы (CIA) колдогон оогандык куралдуу кошуундар адамдарды сотсуз өлтүрүү, медициналык жайларга кол салуу, адамдардын дайынсыз жоголушу өңдүү зордукчул аракеттердин артында турушат. Бул тууралуу «Human Rights Watch» (HRW) уюмунун 31-октябрда жарык көргөн баяндамасында айтылат. Уюм ооган өкмөтүн ал бөлүктөрдү тезинен куралсыздандырууга, согуш кылмыштары үчүн айыптууларды жоопко тартууга чакырды. Америкалык чалгын кызматы укук коргоочулардын баяндамасында ооган атайын күчтөрүнө каршы айтылган дооматтар «калп же көбүртүп-жабыртылган» деп билдирди.

«Human Rights Watch» 2017-жылдын аягынан быйылкы жылдын жарымына чейин оогандык «сокку уруучу» топтор түнкү рейддер маалында зомбулук кылган 14 учурду каттаганын жазат.

Укук коргоочулар ошондой эле Вашингтон жана Кабул «согуш кылмыштары жана адам укуктарынын бузулушу тууралуу кабарларды иликтеген өз алдынча тергөөчүлөр менен кызматташууга тийиш» деп белгилешет.

XS
SM
MD
LG