Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:14

Тажикстанда мамлекеттик банктын кызматкерлери камакка алынды


 «Амонатбанктын» кеңсеси
«Амонатбанктын» кеңсеси

Тажикстандын Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик агенттиги «Амонатбанктын» башкы кеңсесинин эки кызматкерин мыйзамсыз каржылык операцияларга шектүү катары камакка алды. “Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берген булактын айтымында, эки кызматкерге "акчаны мыйзамсыз алмаштырып жүргөн" деген да күнөө коюлууда.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл 21-январда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында «Амонатбанктын» башчысы Рухулло Хакимзоданы катуу сынга алып, жыйындан чыгып кетүүнү талап кылган. Ушундан кийин анын ордуна Сирожиддин Икроми дайындалган.

Тажикстандын Эсеп палатасы февраль айында «Амонатбанкка» 2018-жылы 16 миллион сомони (1,7 миллион долларга жакын) зыян келтирилгенин жана банктын айрым кызматкерлери бюджеттик каражаттарды уурдап алганы аныкталганын маалымдаган.

"Амонатбанк" – пенсия жана мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы төлөнгөн ири мамлекеттик банк. Беш жыл мурда эле анын 6 миң мекемени жана 750 миң адамды тейлеген өлкө боюнча 75 филиалы болгон.

XS
SM
MD
LG