Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

HRW парламентти профсоюз мыйзамына өзгөртүү киргизбөөгө чакырды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

«Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму кыргыз парламентин «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн баш тартууга чакырды.

Уюмдун 31-октябрда тараткан билдирүүсүндө үчүнчү окууда каралганы жаткан мыйзам долбоору көз каранды эмес эмгек кошуундарынын өз алдынча иш алып барышын чектеп, Кыргызстан мүчө болгон эл аралык эмгек келишимдеринин шарттарын буза турганы айтылат.

Уюм белгилегендей, мыйзам долбоору тармактык жана аймактык кесиптик кошуундардын өз алдынча иш алып барышына тыюу салып, аны республикалык Кесиптик кошуундар федерациясына биригүүгө мажбурлайт.

Укук коргоочулар бул бир эле уюмдун монополиясына алып келе турганын эскертишүүдө.

Парламентте иштелип чыккан мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынган. Анын авторлору Кыргызстанда кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүндө бирдиктүү саясат жоктугун, республикалык бирикме тармактык, аймактык уюмдар менен системалуу түрдө иштей албай жатканын жана мыйзамдык базанын так эмес экенин жүйө келтирүүдө.

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапса, ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Буга чейин парламент имаратынын алдында «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы акция да өткөн.

XS
SM
MD
LG