Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 23-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:38

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия ишин жыйынтыктады


Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйыны. 23-сентябрь, 2019-жыл.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия 31-октябрда ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын дагы бир мүчөсү Артур Медетбеков комиссиянын корутундусунун долбоору кабыл алынганын, жакында корутундунун өзү даяр болорун кабарлады:

- Корутунду толугу менен иштелип чыккандан кийин ал Жогорку Кеңешке, жалпыга маалымдоо каражаттарына берилет. Комиссиянын негизги максаты Кой-Ташта болгон окуяны изилдеп, окуя боюнча сураштырып маалымат берүү болчу. Эми эки-үч күндүн ичинде жыйынтык чыгат.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жараат алган 175 адам ооруканага кайрылган.

Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таш окуясында мындан башка да жаракат алган бир топ адам күч кызматкерлеринен коркуп, ооруканага кайрылбай үйлөрүндө дарыланышканын билдирип келет. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (23)

XS
SM
MD
LG