Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болду. Буга байланыштуу салтанат бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Кыргызстанда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап, аны менен катар коррупция, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү менен күрөшүп, оор кылмыштардын бетин ачуу, коопсуздукту камсыз кылуу иштерин алып барат.
Кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.(BTo)