Линктер

ишемби, 16-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:18

Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынды


Айпери Медет кызы.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Мелдеш ушул күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, төрт беттеш өткөрдү.

Алгачкы беттешинде Медет кызы италиялык Энрика Риналдини 10:0 эсебинде, 1/8 финалда канадалык Грасилинн Дууганды 10:0 уткан. Бирок чейрек финалда жапон балбаны Юка Кагамиге 8:3 эсебинде жеңилди. Юка Кагаминин финалга чыкканына байланыштуу Медет кызы коло байге үчүн күрөшүүгө укук алып, көңүл жубатуучу беттеште монголиялык балбан Арунжаргал Ганбатты 12:8 эсебинде утуп коло байгеге ээ болду.

Буга чейин аталган мелдештен балбан Улукбек Жолдошбеков алтын медаль тагынган.

23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионаты ушул тапта Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. 29-30-октябрь күндөрү эркин күрөштөн мелдештер өттү. 31-октябрдан тартып кыздар арасында таймаштар уланууда. 2-ноябрдан тартып грек-рим күрөшүнөн таймаштар уланат. Бул мелдешке Кыргызстандан 21 спортчу катышып жатат. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG