Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Орусиянын Киселевск шаарынын экс-мэрин атып кетишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-ноябрга оогон түнү Орусиянын Киселевск шаарында эки киши октон набыт болду. Алардын бири шаардын мурдагы мэри Сергей Лаврентьев экенин Кемерово облусунун Тергөө комитети аныктады.

Тергөөнүн маалыматына караганда адегенде Лаврентьевдин жубайы үйүнүн короосунан колчырак кармаган эки кишинин караанын көргөнүн күйөөсүнө айткан.

Экс-мэр аңчылык мылтыгын алып сыртка чыккандан аз өтпөй бир нече ирет ок атылган. Лаврентьевдин жубайы короого чыгып, күйөөсүнүн, андан алыс эмес жерде дагы бир кишинин өлүгүн көргөн. Азырынча өлгөн экинчи кишинин тек-жайы белгисиз.

Күбөлөрдүн айтымында, атышуудан кийин Лаврентьевдердин үйүнөн кеминде беш машине жылып кеткен. Беш адам издөөгө алынды.

Жергиликтүү журналисттердин маалымдашынча кылмышка түрткү болгон жагдайлардын бири «бизнес кызыкчылыктар». Тергөө комитети карактоо максатында кол салуу болушу ыктымал экенин да четке какпайт.

59 жаштагы Сергей Лаврентьев бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын мүчөсү болгон. Киселевск шаарын 2003-2018-жылдары башкарган.

XS
SM
MD
LG