Өзбекстандык укук коргоочу Агзам Тургуновго эл аралык «Адилеттүүлүк тарыхы» сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыкты «People in Need» уюму 31-октябрда тапшырды.
Прага шаарында жайгашкан уюм 15 жылдан бери аталган сыйлыкты «тоталитардык режимдердин куугунтугуна кабылган» адамдарга ыйгарып келет. Агзам Тургунов «диктатордук бийликке каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги үчүн» ушул наамга татыганы кабарланды.
66 жаштагы Тургунов Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда, 2008-жылы «опузалоо менен акча алган» деп он жылга камалган. Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан. Тургуновду эл аралык уюмдар «абийир туткуну» деп таанышкан.