Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:58

Сурамжылоо: президентке көпчүлүк Матраимов жөнүндө суроо бергиси келет


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда өлкөдөгү маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугары кабарланган. Анын алдында 24.kg маалымат агенттиги «Интернет колдонуучулар кандай суроо бергиси келет?» деген сурамжылоо жүргүзүп жатат. 24.kg социалдык тармактарда көп талкуу болуп жаткан беш суроо салган.

Агенттиктин сайтында, добуш бергендердин 40% (425 добуш) мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө, тактап айтканда массалык маалымат каражаттарында айтылган фактыларга эмнеге реакция болбой жатканын сурагысы келген.

Ал эми экономика эмне болуп, ири долбоорлор качан ишке ашарын окурмандардын 17% (183 добуш) сурагысы келет. Күч, сот органдарындагы реформанын болбой жатканы тууралуу 15% (157 добуш), коррупцияга каршы күрөш боюнча 14% (152 добуш), сөз эркиндиги, «Апрель» каналынын жабылышы боюнча суроону 12% (129 добуш) окурман бергиси келет.

Алдыдагы жолугушууда президент өлкөдө болуп жаткан жараяндар боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берет. Мындай жолугушуу экинчи жолу өткөнү турат. Мындан башка жыл аягында президент жыйынтыктоочу басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG