Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

«Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттери аккредитация ала албай жатат


«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов. Дүйшөмбү, 28-август, 2019-жыл.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов. Дүйшөмбү, 28-август, 2019-жыл.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «Азаттыктын» тажик кызматынын («Озоди») айрым журналисттерине аккредитация берилбей жатканын сынга алды. Бул тууралуу Флайдын Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинге жазган катында камтылат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Тажикстандагы окуяларды чагылдырууда басымга багынбасын ырастап, министрликти «Озодинин» бардык кызматкерлерине журналисттик ишмердүүлүгүн жүргүзүшүнө тез арада уруксат берүүгө чакырган.

Тажикстандын мыйзамына ылайык чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү атайын уруксат алышы керек. Учурда аккредитация ала электигине байланыштуу «Озоди» радиосунун 11 журналистине иштөөгө тыюу салынган.

9-октябрда АКШ Конгресси чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо механизмин сөз эркиндигин чектөөнүн куралы катары сындаган эле. Эл аралык укук коргоо уюмдары да буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип келишет.

Тажикстандын бийлиги уруксат берүү эрежесин көз каранды эмес маалымат каражаттарынын ишмердигин чектеш үчүн колдонгон учур буга чейин да байкалган. 2016-жылы «Озоди» радиосу президент Рахмондун кыздарынын бири жаңы кызматка дайындалганы тууралуу жазып чыккан соң алты журналистинин аккредитациясы жокко чыгарылган.

XS
SM
MD
LG