Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Башкы прокуратура: Сеидбек Атамбаевдин ишканасы төрт жыл бою текшерилген эмес


Сеидбек Атамбаев.
Сеидбек Атамбаев.

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Сеидбек Атамбаевдин «Автомаш-Энерго» ишканасына жүргүзүлгөн тинтүү боюнча комментарий берип, ал жерде 2015-жылдан бери салыктык текшерүү жүргүзүлбөгөнүн билдирди. Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, 2004-жылы Атамбаевдин баласы «Автомаш-Энергонун» 75% үлүшүнө ээлик кылып, ишкананын кожоюндарынын бири болуп калган.  

«23-августта «Автомаш-Энергонун» мүлкү камакка коюлуп, салыктык текшерүү бекитилген. Ишкананын жетекчилиги ар кандай шылтоо менен салык органдарына тийиштүү документтерди берүүдөн баш тарткан. Андыктан 31-октябрда салык органдарына керектүү документтерди алыш үчүн мыйзам чегинде иш-чара жүргүзүлдү», деп айтылат прокуратуранын маалыматында.  

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, 2003-жылы Алмазбек Атамбаев ээлик кылган «Кыргызавтомаш» ишканасынын карамагында «Автомаш-Энерго» ишканасы түзүлөт. Ошол убактан бери ал ишкана электр энергиясын алып сатуу менен алектенип келет. 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаев бизнес-акыйкатчы Робин Орд Смитке кайрылып, анын ишканасын рейдерлик жол менен басып алуу аракети жүрүп жатканын айтып чыккан. Сеидбек Атамбаевдин айтымында, ал «Автомаш-Энерго» ишканасын атасы президент болгонго чейинки 2003-жылдан бери эле өз алдынча башкарат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Быйыл парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан. Азыр Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ага  кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу айып коюлган. (TSh) 

 

XS
SM
MD
LG