Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Хеллоуин гонконгдук демонстранттарга шылтоо болду


Гонконгдогу беткапчан жүрүшчүлөр. 31-октябрь, 2019-жыл.
Гонконгдогу беткапчан жүрүшчүлөр. 31-октябрь, 2019-жыл.

Гонконгдогу жүздөгөн демонстранттар Хеллоуин майрамын пайдаланып, 31-октябрда көчөгө жүздөрүн жаап чыгышты. Муну менен активисттер беткап тагынып көчөдө жүрүү укугун талашып жатышат.

Гонконгдогу нааразылык акциялары быйыл март айынан бери уланууда. Атайын административдик аймактын тургундары «Кытайдын таасиринин артып баратат, эркиндигибиз, укуктарыбыз чектелүүдө» деп көчөгө чыгышкан.

Гонконг көчөлөрүндөгү камералар адамды жүзүнөн таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан жүрүштүн айрым катышуучулары куугунтуктан чочулап беткап тагынууга өтүшкөн. Ушундан соң Гонконг бийлиги эл чогулган жайларда жүзүн жашырып жүргөндөрдү бир жылга чейин камоого жол ачкан мыйзам кабыл алган.

Хеллоуинди белгилеген гонконгдуктардын көбү жакында эле жарык көргөн «Джокер» фильминдеги жана эл аралык каршылыктын символуна айланган «V демек – Вендетта» фильминдеги образды тандашкан.

31-октбярдагы жүрүш учурунда эл полиция менен кагылышып, бөтөлкө жана таш ыргытышты. Күч түзүмдөрү жаш агызчу газ колдонушту.

XS
SM
MD
LG