Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Кыргызстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын колдоп чыкты


Кытайда камакка алынгандардын туугандары. Алматы. 16-август, 2019-жыл.
Кытайда камакка алынгандардын туугандары. Алматы. 16-август, 2019-жыл.

Кыргызстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын Бириккен Улуттар Уюмунда колдоп чыкканы белгилүү болду. Өлкө Бээжиндин чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын жактаган Орусия, Мьянма, Түндүк Корея жана Беларус сыяктуу 54 мамлекеттин билдирүүсүнө кошулду.

Улуттар Уюмунда өткөн жыйында Борбор Азия чөлкөмүнөн Кытайдын саясатын колдоп Кыргызстандын гана өкүлү сөз алып сүйлөдү:

“Кыргыз Республикасы Шинжаң-Уйгур автоном районунун маселелерин түздөн-түз Кытайдын ички иши деп санайт жана Кытай өкмөтүнүн маданиятынын көп түрдүүлүгүн жана Шинжаңдагы бардык улуттардын диний эркиндигин сактоо аракеттерин баалайт. Шинжаңдын коопсуздугун, туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча Кытай тарабынан көрүлгөн чараларды колдойт”, - деп билдирди Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Айбек Молдогазиев.

Ушул эле жыйынында Германия, Жапония, АКШ жана Британия сыяктуу 23 мамлекет Кытайдын Шинжаңдагы чараларына тынчсыздануусун билдиришти. Алардын билдирүүсүндө Шинжаңда массалык кармоо, маданий жана диний аракеттерди чектөө, бул өлкөдөгү аз улуттардын турмуш-тиричилигин толугу менен көзөмөлгө алуу сыяктуу укук бузуулар катталып жатканын белгиленген.

Шинжаңда уйгур, кыргыз жана казак ж.б. мусулман азчылыктарынын укугу одоно бузулуп жатканын эл аралык укук коргоо уюмдары да тынымсыз билдирип келет.

Бээжин Шинжандагы чараларды чөлкөмдө коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG