Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Казак президенти күйөө баласын Болгарияга элчи кылды


Темиртай Избастин
Темиртай Избастин

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-ноябрда бир нече өлкөгө жаңы элчилерди бекитти. Алардын бири – Болгариядагы элчиликке дайындалган Темиртай Избастин өзүнүн күйөө баласы экени маалым болду.

«Азаттыктын» казак кызматы ачык маалымат булактарына таянып, Избастин президент Токаевдин кичүү карындашы Карлыгаш Токаеванын күйөөсү, экөөнүн үч баласы бар экенин жазды.

Казак маалымат каражаттары 2013-жылы Токаевдин уулу Тимур жана Избастиндин уулу Мухамед Атырау облусунда ишмердик жүргүзгөн «Аби Петролеум Кэпитал» компаниясын негиздешкенин жазып чыгышкан.

61 жаштагы Темиртай Избастин Тышкы иштер министрлигинде 1994-жылдан бери эмгектенет. Венгрия, Кытай, Австриядагы элчиликтерде иштеген.

XS
SM
MD
LG