Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Пакистан оппозициясы өкмөттүн отставкасын талап кылууда


Маулана Фазлур Рехман (ортодо)
Маулана Фазлур Рехман (ортодо)

1-ноябрда Пакистандын борбору Исламабадда жүз миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы өттү.

Анда "Жамият улемаи ислам" диний-саясий партиясынын лидери Маулана Фазлур Рехман премьер-министр Имран Ханга "кызматтан кетүү үчүн эки күн убакыт бере турганын" билдирди.

"Биздин сабырыбызды сынабаңыз" деп премьерге эскертүү жасаган Рехман эки күндөн кийин эмне болорун ачык айткан жок.

Оппозиция Имран Ханды "кызмат ордуна татыксыз, анын өкмөтү 2018-жылкы шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо менен бийликке келген" деген турумду карманат.

Инфляция баштаган экономикалык кыйынчылыктарга карабастан Хан кызмат ордунан кетүүгө макул боло элек. Ал оппозицияны өкмөткө каршы динди колдонууда деп айыптады.

Рехман баштаган адамдар өлкөнүн түштүгүндөгү Карачи шаарынан чыгып, «Азаттык маршы» аттуу жүрүш менен 31-октябрдын кечинде Исламабадга кирип келишкен.

1-ноябрда Исламабадда жана ага коңшу Равалпинди шаарында бардык мектептер жабык болду. Демейде автоунааларга жык толгон борбор калаага алып барчу кан жолдор да бош турду.

XS
SM
MD
LG