Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегорго Дублиндеги пабдардын биринде жаңжал чыгарганы үчүн 1000 АКШ доллар өлчөмүндө айыппул салынды. Спортчу ал жерде эс алып отургандардын бирин урганын мойнуна алган.
Окуя апрелде Макгрегордун ысымы коюлган вискинин бет ачарында болгон.
Макргрегор өзүнүн аты берилген ичимдиктин алгачкы бөтөлкөсүн Орусиянын президенти Владимир Путинге берген. Бирок бөтөлкөнү Путиндин жансакчылары алып койгонун, текшерип анан гана мамлекет башчыга берерин айтышканын билдирген.
Макгрегор 2019-жылдын мартында спорттон кетерин жар салып, бирок бул убадасын аткарууга шашпай турганын маалымдаган.