Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

ШКУ улуттук транзиттик системага ыктаган декларация кабыл алды


ШКУ жыйыны, Ташкент, 2-ноябрь, 2019-жыл
ШКУ жыйыны, Ташкент, 2-ноябрь, 2019-жыл

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынында улуттук транзиттик системаны интеграциялоо тууралуу декларация кабыл алышты.

ТАСС агенттиги билдиргендей, декларация ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекеттик салык кызматтарынын ортосундагы документ болот. Документте бажы операцияларын жөнөкөйлөтүү маселеси да камтылган.

ШКУнун жыйыны Өзбекстандын борбору Ташкентте 1-ноябрда башталган.

ШКУ - туруктуу аракеттеги өкмөттөр аралык уюм, 2001-жылы 15-июнда т түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Пакистан, Индия, Орусия жана Кытай мүчө.

Төрт өлкө байкоочу-мамлекет макамында: Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия.

Алты өлкө ШКУ диалогу боюнча өнөктөш: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка. (SE)

XS
SM
MD
LG