Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Жээнбеков Матраимовдордун иши текшерилип жатканын билдирди


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун мүлкүнө байланыштуу маалыматтарды чет өлкөлөрдөн да тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу 2-ноябрда Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушкан учурда айтты. Текшерүүлөргө жараша жыйынтык болорун белгиледи.

"Матраимовдун өзү да, бир туугандары да текшерилди. Февралдан бери текшерүү жүрүп жатат. 24 млн. сом салыгы бар экен, аны төгүп жатат", - деди мамлекет башчы.

Ал журналисттерге коррупцияга байланыштуу иштерде факты менен сүйлөөнү сунуш кылып, коррупция менен күрөштө кол тийгистер болбой турганын, бардык иштер боюнча чара көрүлөрүн белгиледи. Райымбек Матраимов эки жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебей турганын кошумчалады.

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйынга аккредитациядан өткөн чет элдик медиа уюмдардын кабарчылары да чакырылган.

Жалпы 42 киши барып, алардын 26сы суроо узатты.

Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орунбасары болуп иштеген. 2017-жылы, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Бирок Матраимов өкмөттүн мындай чечими туура эмес болгонун айтып сотко кайрылган. Соттун бардык инстанциялары аны колдогон чечим чыгарган. (AzK\SE)

XS
SM
MD
LG