Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:11

Израил Газа тилкесине жооп иретинде сокку урду


1-ноябрдын кечинде Газа тилкесинен Израилдин түштүк тарабындагы райондорго бери дегенде 10 ракета атылды.

Анын көбүн Израилдин абадан коргонуу системасы уруп түшүрдү. Биринин соккусу турак жайга тийгенин, саламаттыгынан жабыркагандар жоктугун маалымат каражаттары жазышты.

2-ноябрда эртең менен Израил Газа тилкесине абадан сокку урду. Израил аскерий күчтөрү ХАМАС исламчыл тобуна тиешеси бар объектилер бутага алынганын билдиришти. Палестиналык жайкын тургундар арасынан бир адам өлүп, экөө жарадар болгону кабарланды.

Газа тилкесинен Израилге акыркы ирет 12-сентябрда сокку урулган. Бирок жоопкерчиликти палестиналык бир да топ алган эмес.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG