Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Ооганстанда мина жарылып, тогуз окуучу мерт болду


Ооганстандын картасы.
Ооганстандын картасы.

Ооганстандын Тахор облусунда жол четине орнотулган мина жарылып, тогуз окуучу набыт болду. Облус акиминин басма сөз катчысы Жавад Хижрийдин айтымында, 1-ноябрда эртең менен сегиз жарымда окуучулар мектепке баратканда минага туш келишкен. Бийлик аны талибдерден көрүп жатат. Бирок жоопкерчиликти азырынча эч бир топ өзүнө ала элек.

Тахор облусунда «Талибан» кыймылынын жоочулары көп.

Ооганстанда салгылашуулар кырк жылдан бери уланып келатат. 2018-жылы «Куралдуу кагылыштардын маалымат базасы долбоору» (ACLED) бул мамлекетти өлүм саны боюнча дүйнөдөгү эң калабалуу аймак деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG