Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Москвада «Э» борборунун башчысы Ибрагим Элжарчиевди атып кетишти


Ибрагим Элжарчиев.
Ибрагим Элжарчиев.

Ингушетия боюнча экстремизмге каршы туруу борборунун башчысы («Э» борбору) Ибрагим Элжарчиевди Москвада атып кетишти. Маалымат каражаттары ага Тропарево-Никулино районунда кол салуу болгонун жазышты.

«Baza» басылмасы 2-ноябрда киллерлер машинеде келип, аны аткылап, соңунда башына ок атып изин жашырышканын билдирди. Айрым кабарларга ылайык, «Э» борборунун башчысы менен кошо дагы бир киши өлтүрүлдү. Ал Элжарчиевдин бир тууганы болушу ыктымал.

Ибрагим Элжарчиевге быйыл январда Ингушетия менен Чеченстандын ортосунда да кол салуу болуп, аман калган. Анда үч киши жарадар болуп, кийичерээк бири ооруканада көз жумган.

XS
SM
MD
LG