4-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 9...14,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 11...16,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 7...12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн 4…6, күндүз 13…15 градус болот.