Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Мирзиёев өзгөчө бааланган дарактарды кыйганга тыюу салды


Ташкентте кыйылган дарак. 2018-жыл.
Ташкентте кыйылган дарак. 2018-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзгөчө бааланган дарактарды жана бадалдарды кыюуга тыюу салган жарлыкка 1-ноябрда кол койду.

Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке, Өзбекстандын экологиялык партиясына жана коомчулукка жүктөлгөн. Жарлыкка ылайык, дарактар беш жылда бир улам катталып турат.

Өзбекстанда, айрыкча Ташкентте кийинки жылдары дарактардын кыйылып жатканы жарандык коомдун сынына кабылып келатат.

2019-жылдын февраль-май айларында Мамлекеттик токой фондунан сырттагы дарактардын баарына инвентаризация жасалып, каттоого алынган.

XS
SM
MD
LG