Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Президент 2024-жылдан тартып тышкы карыз төлөнө баштай турганын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын тышкы карызы 2024-жылдан тартып төлөнө баштайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушкан учурда Финансы министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

Андан тышкары, ал Кыргызстанга жол курулушу, таза суу үчүн акча керек экенине токтолуп, көмүскө экономиканы алып чыкса, бюджет толоруна ишеним артарын айтты.

Финансы министрлигинин 2019-жылдын сентябрындагы маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 453,99 млн. долларды (310 млрд. 667,54 млн. сомду) түздү. Анын ичинен 3 млрд. 767,49 млн. доллары тышкы, 686,50 миллиону ички карызга кирет.

Карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

XS
SM
MD
LG