Кытай алдыдагы 15 жылда чет өлкөлөрдөн жалпы баасы 30 триллион юандык (4,3 триллион доллар) товар сатып алууну максат кылат. Бул тууралуу ишембиде Кытайдын соода министринин жардамчысы, Кытайдын экинчи эл аралык импорт көргөзмөсүн уюштуруу комитетинин төрага орун басары Рен Хоңбин билдирди.
- Кытайдын 1,4 миллиард элинин 400 миллиондон ашууну - орто кирешелүү катмар. Алардын жашоосунун жакшырышы менен катар керектөөсү да өсүп жатат, - деди Рен.
Ал 5-октябрда Шанхай шаарында ачыла турган экинчи көргөзмөгө 150 өлкө жана аймактан 3 миңден ашуун компания катышып жатканын айтып өттү.
Көргөзмө өткөрүлө турган жердин аянты 360 миң чарчы метр же 68 футбол талаасын бириктиргенге барабар. Аянттын негизги бөлүгүн АКШ, Жапония, Германия жана Гонконг ээлеген.
Акыркы беш жылда Кытайдын дүйнөлүк импорттогу үлүшү 10% ашты.