Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:03

Украина менен Болгария француз президентинин пикирине нааразы болушту


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Украина менен Болгария Парижге дипломатиялык нааразалык билдиришти. Буга Франциянын президенти Эммануэл Макрондун 1-ноябрда жарыяланган интервьюсундагы пикирлери себеп болду. Киев менен София Макрондун украиналык жана болгариялык иммигранттар жөнүндөгү сөзүн басмырлоо катары баалашууда.

Эки өлкөнүн өкмөттөрү тең Франция элчилерин чакырып, президенттин пикирин түшүндүрүп берүүнү суранышты.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, элчи Макрондун сөздөрү контексттен кесип алынганын, мигранттарга нааразылык жок экенин айткан.

Макрон «Valeurs Actuelles» журналындагы маегинде иштөөгө укугу болбогон мигранттарга караганда «квотага негизделген миграцияны» колдой турганын белгилеп, «болгарлардын жана украиндердин жашыруун тармактарына караганда Гвинея же Кот'дИвуардан келаткан мигранттарды жогору коёрун» кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG