Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Парламент бир жума бою жыйын өткөрбөйт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 4-5-6-ноябрда өлкө аймагындагы шайлоочулары менен жолугат. Буга байланыштуу 11-ноябрга чейин жыйындар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу токтом кабыл алынганын парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Алтынчы чакырылыштагы азыркы парламент 28-июнда IV сессиясын аяктап, жайкы эс алууга тарап кеткен. Жогорку Кеңеш кезектеги бешинчи сессиясын кайра 4-сентябрда баштаган. Азыркы парламент 2015-жылы күзүндө шайланган. Анда алты фракция бар.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. (TSh)

XS
SM
MD
LG