Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Ибраимов менен Кулматов сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартышты


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу мурдагы мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди:

- Албек Сабырбекович Ибраимов жана Кубанычбек Кеңешович Кулматов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартуусун алар сотто актангысы келбегени, ансыз да баары белгилүү болуп калганы менен түшүндүрүштү. «Негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп жатышат.

Экс-мэрлердин ишин Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат. Кулматовго «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп шек саналып жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып жатышат.

2018-жылы кармалган экс-мэрлердин кылмыш иштерин бириктирип кароо тууралуу чечимди Ленин райондук соту ушул жылдын 6-мартында кабыл алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG