Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

ЖЭБ соту: Жантөрө Сатыбалдиев көрсөтмө берип жатат


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча сот жараяны айыпталуучулардын көрсөтмө бере баштаган бөлүгүнө келди. 4-сентябрдагы соттук отурумда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев көрсөтмө бере баштады. Бул тууралуу айыпталуучулардын биринин жактоочусу билдирди.

Сотто Сатыбалдиев прокуратура койгон айыптарга макул эмес экенин айтып, күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал соттон акыйкат чечим күтөт.

Буга чейин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков эки күн суралган. Исаков көбүнчө ЖЭБди модернизациялоодогу ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишим жөнүндө айтып берди.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып коюлган. (TSh)

XS
SM
MD
LG