Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Текебаев: Бабановду эл мага караганда үч эсе көп сыйлайт экен


Өмүрбек Текебаев, Кадыр Атамбаев жана Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Текебаев, Кадыр Атамбаев жана Өмүрбек Бабанов.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Эркин маалымат» «YouTube» каналындагы маегинде тойдо «Республика» партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен бир үстөлдө отурганы боюнча кенен комментарий берген. Текебаев Бабановдун башына иш түшүп турган учурда андан качуу мырзалыкка жатпай турганын айтып, ага мурдагы кызматташы катары баа берген.

- Бабанов мага караганда үч эсе көп добуш алды. Эл Бабановду мага караганда үч эсе көп сыйлап, үч эсе көп ишенет экен. Баш мыйзамда «Жогорку Кеңештин депутаттары жеке мамилеңерди таштап, биргелешип иштегиле» деген эреже бар. Эгерде 45 жумуш күндүн ишинде бир пикирге келе албасаңар, парламент тарайт. 2015-жылы эл Бабановго мага караганда үч эсе көп добуш берип жөнөтсө, мен аны менен отуруп иштешим керек, - деди Текебаев.

Текебаев менен саясатчы Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.

Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Иш райондук сотто эки ай мурда карала баштап, соттолуучулардын баш коргоо чарасы үй камагы деп аныкталган.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан. Алардын ичинен төртөөнүн чоо-жайы белгилүү. Калган иштер боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат бере элек. Буга чейин Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG