Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:37

«Дордой» клубу Кыргызстандын чемпиондугун 11-жолу утту


«Дордой» клубунун оюнчулары чемпиондук наамды майрамдап жаткан учуру. Бишкек. 2-ноябрь, 2019-жыл.
«Дордой» клубунун оюнчулары чемпиондук наамды майрамдап жаткан учуру. Бишкек. 2-ноябрь, 2019-жыл.

Бишкектин «Дордой» футбол клубу Кыргызстандын премьер-лигасынын 27-турунда Канттын «Абдыш-Ата» клубун 5:0 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда чемпиондук наамга ээ болду. Ушуну менен «Дордой» 11-жолу Кыргызстандын чемпиону болду.

Чемпиондук наам «Дордой» командасына 2020-жылы АФК Кубогунун тандап алуу оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Футбол боюнча Кыргызстандын жогорку лигасы саналган премьер-лигасынын оюндары ушул жылдын апрель айында башталган. Мелдеште 8 жергиликтүү футбол клубу катышып, өз ара 28 оюн өткөрүшөт.

27-турдун жыйынтыгында «Дордой» 63 упай топтоду. Команда быйылкы сезондо 20 жолу жеңишти камсыз кылып, 4 жолу тең чыкса, 3 оюнда жеңилген. «Дордойдун» оюнчулары атаандаштарынын дарбазасына 27 оюнда жалпысынан 48 гол киргизишкен.

Экинчи орунду 27 оюнда 59 упай топтоп «Алай» командасы ээлеп турат. Үчүнчү орунда «Алга» командасы 44 упайы менен бара жатат. 43 упайы бар «Нефтчи» төртүнчү орунда. Бул эки клубдун кайсынысы чемпионаттын коло байгесине ээ болору премьер-лиганын акыркы турунда билинет.

Кыргызстандын премьер-лигасынын акыркы туру 5-ноябрда өтөт. (GT)

XS
SM
MD
LG