Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Нарында Усубалиевдин эстелиги ачылды


Нарын шаарынын борбордук аянтында саясий жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги расмий түрдө ачылды. Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, коомдук ишмерлер жана саясатчылар катышты.

Ошондой эле борбордук аянтта Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган театралдык оюн-зоок көрсөтүлдү.

Ысык-Көлдөгү «Рух-Ордо» комплексинде саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги 2-ноябрда ачылган.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендерин алган.

Быйыл 100 жылдыгы белгиленип жаткан мамлекеттик ишмердин ысымы Бишкектеги эски аянтка жана Күрп-Сай ГЭСине да берилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG