Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Ирак: Ирандын консулдугуна коюлган чабуулда бир канча адам өлдү


3-ноябрдагы нааразылык акциясына Кербела университетинин студенттери да катышты.
3-ноябрдагы нааразылык акциясына Кербела университетинин студенттери да катышты.

3-ноябрда Ирактагы демонстранттар шииттер үчүн ыйык болуп саналган Кербела шаарындагы Ирандын консулдугуна чабуул коюшту.

«Associate Press» агенттиги күбөлөргө таянып билдиргендей, нааразылык акциясынын катышуучулары консулдуктагы Иран желегин Ирактын туусуна алмаштырышкан. Интернеттеги видеолордо көрүнгөндөй, имаратка Молотов коктейли сыяктуу шишелер да ыргытылган.

Иран бийликтери консулдукка жасалган чабуул боюнча комментарий бере элек. Ирактагы Адам укуктары боюнча жогорку комиссиянын 4-ноябрдагы маалыматына караганда, коопсуздук күчтөрү менен кагылыш учурунда үч киши өлүп, 12 адам жабыркаган.

Шииттер башкарган Иран 2003-жылы АКШнын жардамы менен Саддам Хусейн бийликтен кулагандан бери Иракта таасири күчтүү жана андагы шиит саясий топторун колдойт.

Ошол эле кезде Кошмо Штаттар Иракка аскердик, саясий жана каржылык көмөк көрсөтүп келе жатат. Багдад Вашингтон менен да, Тегеран менен да тең салмак байланышты сактап калууга аракет кылып келет.

Ирандын консулдугуна чабуул койгондор Тегерандын Ирактагы иштерине нааразылык билдиришкен.

Иракта октябрдан башында тутанган нааразылык акцияларынын катышуучулары - негизинен жаштар. Алар мунайга бай өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип жатышат. Бул аралыкта полиция менен кагылышууларда 250дөн ашуун адам курман болду.

3-ноябрда премьер-министр Абдул Махди демонстранттарга кайрылып, элдин жашоо шартын жакшыртууга убада берди. Ошондой эле ал нааразылык акциялары «экономикага миллиарддаган зыян» келтирип жатканын айтып, демонстрацияларды токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG