Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды  


Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

Милиция коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган Насирбек Алмаматовду кайдан издерин билбей, таппай жатат. Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Жогорку сот чыгарган чечимге ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Аны камакка алуу максатында жашаган дарегине барган кызматкерлер ордунан таппагандыктан, ага издөө жарыяланып, кармоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Жогорку соттун 30-октябрдагы токтому менен Насирбек Алмаматовго карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, буга далил катары атайын видеотасманы да жарыялаган.

Райондук сот Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен Алмаматовду эркиндикке коё берген. Кийинчерээк Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен кайрылган. (BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG