Өткөн жумада автокырсыкка кабылган азербайжандык белгилүү укук коргоочу Октай Гулалиев ооруканада комада жатат. Бул тууралуу анын жубайы Фируза Гулалиева билдирди. Укук коргоочу 29-октябрда автокырсыкка кабылган.
«Репрессияга жана кыйноого каршы» өкмөттүк эмес уюмунун координатору катары Октай Гулалиев Азербайжандагы саясий өңүттө иш козголгон ондогон адамдарды коргогон.
Анын кесиптештери жана оппозициячыл активисттер «жол кырсыгы укук коргоочунун көзүн тазалоо максатында уюштурулган» деп, «анын артында турат» деп бийликти айыпташкан.
1-ноябрда Баку полициясы дооматтарды четке кагып, бул күтүүсүз жол кырсыгы болгонун билдирген.
Президент Илхам Алиев 2003-жылы атасы Гейдар Алиев каза болгондон кийин такка отуруп, ошондон бери Азербайжанды башкарып келет. Былтыр апрелде ал төртүнчү жолу президенттикке шайланган.
Алиев саясий оппоненттерине, эркин журналисттерге, жарандык коомго кылган мамилеси үчүн дайыма Батыштын жана укук коргоочу уюмдардын сынына кабылып келет.
Азербайжан «Freedom House» уюмунун жалпы эркиндиктер жана басма сөз эркиндиги боюнча индекстеринде «эркин эмес» өлкөлөрдүн тизмесинде.