Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Лондондогу 39 кишинин өлүмү боюнча Вьетнамда сегиз киши кармалды


Эссекстеги 39 адамдын сөөгү табылган автоунаа токтогон жер.
Эссекстеги 39 адамдын сөөгү табылган автоунаа токтогон жер.

Вьетнам полициясы Лондондун Эссекс аймагында токтоп турган машиненин муздаткычынан табылган 39 кишинин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен сегиз кишини камакка алды.

Маалыматтарга караганда алар адамдарды мыйзамсыз ташуу иши менен алектенип жүргөндөр. Буга чейин британ полициясы дагы ал трагедияга байланыштуу өз аймагында жүргөн 2 кишиге айып таккан.

Вьетнамдын мамлекеттик маалымат агенттиги дүйшөмбү күнү кабарлагандай, жергиликтүү кишилерди Британияга мыйзамсыз жол менен жөнөтүп жүргөн кылмыштуу топтун бетин ачуу аракеттери жүрүп жатат.

23-октябрда Лондондун четинде токтоп турган жүк ташуучу автоунаанын контейнеринин ичинен 39 кишинин өлүгү табылган. Адегенде полиция маркумдар кытай жарандары болушу мүмкүн деп маалымдаган. Кийин бир топ изилдеп иликтөө иштеринен кийин алар вьетнамдыктар экени аныкталган.

Эки өлкө иликтөөнү биргелешип жүргүзүүгө даярдыгын билдиришти.

Жылына миңдеген адам иш издеп Вьетнамдан сырт жакка кетишет. Көбү аткезчилердин жардамы менен жакшы жумуш издеп алыскы европа өлкөлөрүнө сапар алышат.

XS
SM
MD
LG