Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Горбачев: Өзөктүк курал дүйнө үчүн чоң коркунуч


Михаил Горбачев
Михаил Горбачев

Мурдагы советтик лидер Михаил Горбачев Орусия менен Батыштын учурдагы тиреши алар өзөктүк куралга ээ болгондуктан дүйнөгө болуп көрбөгөндөй коркунуч жаратарын эскертти. Ал 4-ноябрда Би-би-сиге берген маегинде бардык өлкөлөр массалык тукум курут кылуучу ядролук куралдан баш тартышы керек деп эсептейт:

- Массалык тукум курут кылуучу, биринчи кезекте өзөктүк курал чоң коркунуч жаратат. Бардык элдер ядролук куралды жок кылабыз деп айтышы керек. Муну менен биз өзүбүздү жана планетаны сактап калабыз.

88 жаштагы мурдагы советтик лидер Михаил Горбачевдин маеги Кансыз согуш аяктап, Берлин дубалы кулаганына 30 жыл болгон учурга туш келди.

Горбачев Орусия менен Батыштын азыркы карама-каршылыгын “кансыз, бирок дагы да болсо согуш” деп баалады.

1987-жылы Советтер Союзунун баш катчысы Михаил Горбачев менен Кошмо Штаттардын президенти Рональд Рейган кол койгон келишим быйыл токтогон. Ал 500 чакырымдан 5500 чакырымга чейинки аралыктагы бутаны ата алчу баллистикалык жана канаттуу ракеталарды жок кылууну, келечекте өндүрбөөнү жана сынабоону милдеттендирген. 2-августта АКШ да, Орусия да ал келишимден чыгып кетишкен.

XS
SM
MD
LG