Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Чүйдө мектеп авариялык абалга келгендиктен окуучулар медпунктта окуп жатышат


Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сүрөт.
Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сүрөт.

Чүй районундагы Калыгул айылында авариялык абалга кептелген Оңолбаев атындагы мектептин окуучулары фельдшердик-акушердик пунктта окуп жатышат. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 4-ноябрда райондогу мектептердин абалын көрүп, аталган айылга да барганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Эскирген мектептин имараты 1929-жылы курулган, 150 окуучу билим алат. Министр эл аралык фонддордун жардамы менен жаңы имарат курууга аракет жасаларын билдирди.

Кыргызстанда жыл сайын сентябрда бир катар жаңы мектептер ачылат. Ушул тапта мамлекеттик жана муниципалдык 2139, жеке менчик 126 мектеп бар. Окуучулардын саны 1 миллион 268 миң деп эсептелген.

2018-жылкы расмий маалыматка ылайык, 202 мектептин имараты жараксыз деп табылган. Тартыштыкты чечүү үчүн өлкө аймагына 600гө жакын мектеп салынышы керек. Айрым кыштактарда турак жайлар, чатырлар мектеп катары колдонулуп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG