Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Түркия Абу Бакр аль-Багдадинин эжесин кармады


Абу Бакр аль-Багдади.
Абу Бакр аль-Багдади.

Түрк аскерлери "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун өлтүрүлгөн лидери Абу Бакр аль-Багдадинин эжесин кармады. Бул тууралуу бир канча маалымат агенттиктери жогорку мартабалуу аткаминердин сөзүнө таянып жазышты.

65 жаштагы Расмия Авад Сириянын Алеппо провинциясындагы Азаз шаарынан алыс эмес аймакта үй-бүлөсү жашырынып жүргөн жеринен 4-ноябрда кечинде атайын операция учурунда колго түшкөн. Аны менен кошо жолдошу, келини жана беш баласы кармалган.

"Чалгындоо үчүн бул алтын табылга. Анын "Ислам мамлекети" жөнүндөгү билгендери бул уюмду жакшылап изилдөөгө жардам берет", - деди маалымат тараткан аткаминер.

26-октябрда аль-Багдади америкалык аскерлер жүргүзгөн атайын операция учурунда өзүн-өзү жардырып жиберген.

XS
SM
MD
LG