Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Грузияда ЛГБТ-фильмди грузин тилинде көрсөтүүгө даярдык жүрүүдө


ЛГБТ желеги.
ЛГБТ желеги.

Тбилисиде жана Батумиде "Кийин биз бийледик" деп аталган ЛГБТ-фильмди грузин тилинде көрсөтүүгө даярдык жүрүүдө. Аны тек-жайы грузиялык швед режиссёру тарткан. Грузиянын элдик бий ансамблиндеги эки артисттин махабаты жөнүндөгү тасманын премьерасы 8-ноябрга белгиленген.

"Грузин жүрүшү" консервативдик уюмунун лидери Сандро Брегвадзе, "Православ ата-энелердин союзу" уюмунун өкүлдөрү жана бир канча чиркөө кызматкерлери буга каршы чыгып, фильмди көрсөтүүгө тоскоолдук кылышарын билдиришти. Ошол эле кезде эч кандай зомбулукка барбай турганын да айтышты.

Адам укугун коргоо уюмдары Ички иштер министрлигин премьера күнү коопсуздук чараларын карап, өлкөнүн мыйзамдарындагы сөз эркиндиги жана жарандардын пикирди эркин билдирүү укуктарын сактоого чакырышты.

Уюштуруучулардын айтымында. Тбилисиде да, Батумиде да фильмдин бардык билеттери сатылып бүттү.

"Кийин биз бийледик" тасмасы алгач ирет Канн кинофестивалынын расмий эмес программасында көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG