Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:12

УКМК: Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы тургуну терроризмге шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Ал жаран буга чейин “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Маалыматка ылайык, шектүү 2015-жылы Сирияга кетип ал жактан атайын даярдыктан өтүп, террористтик уюмдарга мүчө болуп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан. Атайын кызмат ал КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн деп маалымдайт.

Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG