Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:30

Коррупцияга каршы күрөштүн эсебине 1 млрд. 668 млн. сом топтолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлигинде коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 25-октябрга карата 1 млрд. 668 млн. сом топтолду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча, аталган эсепке Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 769 млн. 92 миң сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 313 млн. 291 миң сом, Башкы прокуратура 597 млн. 44 миң сом, Ички иштер министрлиги (ИИМ) 7 млн. 85 миң сом которду.

Бул эсеп 2018-жылдын 2-июлунда экономикалык жана кызматтык кылмыш иштерден өндүрүлгөн каражатты топтоо үчүн ачылып, Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG