Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

ЖАМК: жоокер токко урунуп каза болду


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Окуя 4-ноябрь күнү болгон. Токко урунган аскерге медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болуп калды» - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек 2018-жылы дагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында кызматын өтөп жүргөн жоокерлер өз жанын кыйган үч факты катталган.

2018-жылы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Руслан Сапарбаев 8-августта кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка жоокер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG