Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:26

Салык кызматында товар аткезчилиги боюнча түз номуру иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматында мыйзамсыз ташылган товар жана күйүүчү май боюнча кабарлаган фактыларды кабыл алган түз номуру ишке кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Жарандар шектүү товарлар жөнүндө (0312) 61-31-89 жана (0779) 61-31-89 "WhatsApp" номуруна кабарласа болот. "Вотсап" номуруна күнү-түнү маалымат жөнөтсө да кабыл алына берет. Ал эми (0312) 61-31-89 номуру эртең мененки саат тогуздан 18:00гө чейин иштейт. Майрам жана эс алуу күндөрү телефон чалып маалымдаган кабарлар техниканын эс тутумунда жазылып турат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG