Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Прокурордун өлүмү боюнча шектүүнүн жакындары сотко нааразы


Баткен облустук прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун жакындары соттук териштирүү калыс жүрбөгөнүн, айыпталуучуга акыркы сөз берилбей калганын айтып чыгышты. Шектүүнүн эжеси Дамира Калыкованын айтымында, 4-ноябрдагы соттук отурумга шектүүнүн жактоочулары жүйөлүү себептер менен катыша албай калган. "Соттук жараян тууралуу алдын ала кабарланбай жаткандыктан, адвокаттар башка процесстерден бошобой жатат" дейт Калыкова. Дамира Калыкова айыпталуучу баш тартканына карабай, мамлекеттик адвокаттар менен сот уланып, териштирүү аяктаганын белгиледи.

“Өзүмдүн адвокаттарым бар деди. Бирок Мелисти тартип бузду деп сот залынан чыгарып жиберди. Мелис жок эле сот уланды. Соттук териштирүү бүттү, эртең өкүм чыгат деди”.

Киши өлтүрүү фактысы боюнча 2018-жылы 18-ноябрда козголгон кылмыш ишин Ош шаардык соту карап жатат. Шектүүнүн дооматтары боюнча соттон маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. Иш Ош шаардык сотунда каралууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG